Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш: акыркы соттук отурум өттү
Кылмыш
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш: акыркы соттук отурум өттү

Жогорку сотто Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ишти караган акыркы отурум болуп өттү. 

Жогорку сот Сапар Исаковго, Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Айбек Калиевге, Салайдин Авазовго, Жолдошбек Назаровго, Темирлан Биримкуловго жана Ольга Лавровага карата Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. 

Жогорку соттун соттук коллегиясы токтому менен өкүмдүн корутунду бөлүгүнүн соттолуучулардан Финансы министрлигинин пайдасына 5 миллиард сомдон ашык материалдык зыянды өндүрүү деген бөлүгү “ортоктош түрдө” деген сөздөр менен толукталган. Прокурордун кассациялык сунушу жана жактоочулардын даттануулары канааттандыруусуз калтырылды.