Жаңылыктар
ИИМ: Бийликти күч менен басып алуу чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Бийликти күч менен басып алуу чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө

Бийликти күч менен басып алууга байланыштуу чакырыктар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 

Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы социалдык тармактар аркылуу 1-июлда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына бийликти күч менен басып алууга чакырган аудио көчүрмөнү жердиги Балыкчылык учурда Чүй облусунда турган 39 жаштагы жаран тараткандыгын аныктады. 

Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Андан тышкары 17-июнь күнү «WhatsApp» аркылуу “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда Москвада жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну, 32 жаштагы жаран дагы ушундай чакырыктагы аудио жазуу тараткан. Анда «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” деп айтылган. Иш Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги атайылап жалган маалыматтарды тараткандар мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертет. Жарандарды интернетте же «WhatsApp» аркылуу кандайдыр-бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефону аркылуу маалымдоого чакырат.