Жаңылыктар
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 10 миллионго чамалады
Дүйнө
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 10 миллионго чамалады

Дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны он миллионго чамалады. Бул туурлауу АКШдагы Жон Хопкинс университети 23-июндагы маалымат базасында көрсөттү. 

Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соңку суткада 183 миңден көп адамдан коронавирус аныкталганын жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч экени кабарланган. Вируска чалдыккан соң 471 миңден көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 511 миңдей адам сакайды. Айтсак вирус жуктурган алдынкы беш мамлекеттин арасынада АКШ турат, бул өлкөдө жалпы вируска чалдыккандардын саны 2 млн 312 миң 302 адамда аныкталса, экинчи орундагы Бразилия өлкөсүндө 1млн 106 миң 470 адамда катталды. Ал эми үчүнчү орунда Россия Федерациясы жайгашкан. 

Бул өлкодө вирус менен катталгандардын жалпы саны 591 миң 465 кишиге жетти. Ал эми Индияда 440 миңден ашса бешинчи орундагы Улуу Британияда ооруга чалдыккандарыдын жалпы саны 306 миңден ашты. Эске салсак, 2019-жылдын 31-декабрында Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында чыккан өпкө илдетин адистер коронавирус деп аныктап, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия деп жарыялаган.