Жаңылыктар
Бюджетти колдоо максатында донорлордон каражаттар келип түшүүдө - Кыргызстан жаңылыктары
Экономика
Бюджетти колдоо максатында донорлордон каражаттар келип түшүүдө - Кыргызстан жаңылыктары

Бюджетти колдоо максатында Эл аралык валюта фондунан 241 млн. доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн. доллар келип түштү. 

Андан тышкары ушул эле максатта жыл аягына чейин Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар тартып келүү пландалууда. Европа биримдигинен 12 млн. доллардан ашык каражат келери күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында каржы министри Бактыгүл Жеенбаева билдирди. Анын айтымында, учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан үч багыт боюнча - бюджетти колдоо, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо үчүн донорлорго жардам сурап кайрылууга туура келген. 

Ошондой эле ал билдиргендей, өкмөт коронавирус менен күрөшүү үчүн 56 млн. доллардан ашуун инвестициялык долбоорлорду тартып келүүдө. 

“Аталган сумма боюнча көп суроолор болуп жатат. Бүгүнкү күндө 9 млн. доллар медициналык жабдыктарга, чыгымдык материалдарга, медициналык калдыктарды жок кылуу ж.б. иштерге колдонулуп жатат. Учурда өкмөт 20 млн. доллар боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашууну жана 15 млн. доллар боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча ратификациялоо процессин жүргүзүүдө. Бул акча каражаттары бизге келе элек. Каражаттар келип түшкөндөн кийин алар кайсы тармакка, эмне сатып алганга жумшаларын жарыялап чыгарабыз”, - деди Жеенбаева. 

Ал белгилегендей, мурда айтылгандай ишкерлерди колдоо үчүн аларга 14 млрд. сом жеңилдетилген насыялар берилет.