Жаңылыктар
Кореядан, Япониядан жана Филиппинден кыргыстандык 19 жаран кайтып келишти
Мекендештер
Кореядан, Япониядан жана Филиппинден кыргыстандык 19 жаран кайтып келишти

Кореядан, Япониядан жана Филиппинден Кыргыстандык 19 жаран мекенине кайтып келишти. 

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жарандарды мекенине кайтарууда Казакстан тарап көмөк көрсөткөн. Алар “Air Astana” авиакомпаниясынын учагы менен Алматыдагы аэрпортко учуп келип, андан кийин атайын унаа менен Бишкекке алынып келди. Келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылат.Министрликтен белгилешкендей, чет жердеги кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.