Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды - Кыргызстан жаңылыктары

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот өкүмү чыкты. Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 43-берененин 2-бөлүгү, 312-берененин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга эркинен ажыратуу, сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн ажыратуу чарасын чегерди. 

Соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өттү. Соттун чечими менен мурдагы президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева 304-берененин 4-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 5 млн. сом айып пул салынды. Мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылмай болду. 

Ал эми Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жаза чегерилген жок. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылды. Ага эки жыл эркинен ажыратуу чарасы чегерилди, бирок буга чейин камакта отурганы эсепке алынып, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулду. 

"Батукаев иши" боюнча айыптуу деп эсептелгендердин ичинен тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө каралып жатат. Булардын иши Свердлов райондук сотуна жиберилди. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган. 

Эске салсак, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Ал 2013-жылы "айыккыс илдетке чалдыкты" деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгарылган. Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылы кайра иликтенип, сотко өткөн.