Жаңылыктар
Чакиев 2 айга камакка алынды
Коррупция
Чакиев 2 айга камакка алынды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Чакиев 2 айга камакка алынды. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо ишин карап, ушундай чечимге келгенин райондук соттун коомчулук менен байланышуу бөлүмү  билдирди. Чечимге ылайык, Чакиев 2 ай СИЗОдо кармалмакчы.

Эске салсак, М.Чакиев 2014-жылдын июль айында чет элдик  жарандын ишеничине кирүү менен ага Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлүгүн аныктаган жасалма күбөлүк берген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө департамент башчысынын бул кылыгы билинип, ал ишти жабуу үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.