Жаңылыктар
Президент Москва шаарына иш сапары менен барды
Саясат
Президент Москва шаарына иш сапары менен барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапары менен келди. Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат. 

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.