Жаңылыктар
Быйылкы ажылык сапар дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу токтотулду
Дин
Быйылкы ажылык сапар дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу токтотулду

2020-жылдагы ажылык сапар дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Сауд Арабиясынын падышачылыгынын ажылык жана умра министрлиги коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында сапарларды токтотту. 2020-жылы боло турган ажылык сапар бир гана Сауд Арабиясында жашаган каалоочуларга бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен гана өткөрүлөөрүн, ажы жана умра сапарына сырттан келүүчүлөргө пандемияга байланыштуу чектөөлөр киргизилгенин билдирди. 

Аталган министрлик эки ыйык мечитте ар жылы миллиондогон зыяратчыларды тейлөөнү чоң сыймык деп эсептейт жана бул чыгарылган чечим алардын коопсуздугуна жана саламаттыгына чоң салым болоорун белгилейт.