Жаңылыктар
Индия менен Пакистан элчиликтеринин штатын кыскартууну чечти
Дүйнө
Индия менен Пакистан элчиликтеринин штатын кыскартууну чечти

Индия өкмөтү Пакистандын Делидеги элчилигиндеги кызматкерлердин жарымын өлкөдөн чыгарууну чечти. Дипломаттар тыңчылык менен алектенип, “террордук уюмдар” менен байланышта болгон деп шектелүүдө.

Индия Тышкы иштер министрлиги ушундай эле өлчөмдө Исламабаддагы элчилигинин штаты да кыскара турганын жарыялады. Бул чечим жети күндө ишке ашышы керек.

Пакистан ТИМи индия тараптын аргументтерин четке кагып, Делидеги пакистан дипломаттары дайыма эл аралык укук жана дипломатиялык нормалардын негизинде иштегенин белгиледи. Исламабаддагы Индиянын элчиси Пакистан ТИМине чакырылып, жооп иретинде индия элчилигинин штаты да кыскара турганы айтылды.

Reuters агенттиги эки өлкө ортосундагы дипломатиялык демарштар көндүм көрүнүш болуп калганын жазды. Соңку апталарда эки өлкө тең дипломаттардын мыйзамсыз кармалып жатканын жана аларга начар мамиле жасалганын билдиришүүдө.