Жаңылыктар
Базар-Коргон: талаадагы өрттү азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Кырсык
Базар-Коргон: талаадагы өрттү азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Базар-Коргон районунда ӨКМдин адистери тарабынан талаадагы өрттү азайтууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан район аймагында эгиндерин оруп жыйноо учурунда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Мындан сырткары, Базар-Коргон  району боюнча ӨКБнүн офицердик курамы тарабынан кылкандуу дан эгин жыйноо учурунда эгин талааларынын ээлерине жана эгиндерди оруп жаткан комбайн ээлерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо,  алдын  алуу  3 жолу 17 жарандын каттышуусунда түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлгөн.