Жаңылыктар
Жалал-Абад облусундагы табият кырсыктарынын алдын алуу иштери
Аймак
Жалал-Абад облусундагы табият кырсыктарынын алдын алуу иштери

Жалал-Абад облусунун аймагында табият кырсыктарын алдын алуу жана кырсыктардын кесепетин азайтуу максатында түшүндүрүү иштери улантылууда.

Өзгөчө кырдаалдардын  алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында Жалал-Абад облустук башкармалыгынын аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл аймагынын аралап өткөн Чой-Сай дарыясынын шагыл кумга толуп калган  1500 метр аралыгы, күтүлүүчү сел сууларын алдын алуу үчүн ӨКМнин 2020-жылдагы атайын алдын алуу жана кесепеттин жоюу иш-мерчеми аркылуу 12-июнунан тартып ӨКМнин 1 даана эксковатор бөлүнүп, механикалык тазалоо жана бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Чой-Сай дарыясынын шагыл кумга толуп калган  жалпы 1500 метрди механикалык тазалоо  жумуштары кызуу жүрүп, бүгүнкү күндө 1500 метр аралыгы толугу менен аяктады. Натыйжада 15 турак жай корголот.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери солгундалбашын тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан эң орчундуу жана кечиктирилгис жумуштар аткарылууда.