Жаңылыктар
Сүлүктү шаарындагы шахтада 4 киши газга ууланып каза болду - Кыргызстан жаңылыктары
Кырсык
Сүлүктү шаарындагы шахтада 4 киши газга ууланып каза болду - Кыргызстан жаңылыктары

Баткен облусу Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушкан. 

Жерине ӨКМдин мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.