Жаңылыктар
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды - Кыргызстан жаңылыктары
Билим
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды - Кыргызстан жаңылыктары

Кыргызстандагы 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаттарды алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жалпы 105 миң 689 күбөлүк 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө, 60 миң 533 аттестат 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө берилди. Ал эми аталган министрлик биринчи жолу орто жана жогорку окуу жайларды бүткөндүгү жөнүндө документтердин бирдиктүү үлгүсүн даярдап, аны коомдук талкууга койду. 

Мурдагы кемчиликтердин алдын алуу максатында Кыргыз билим берүү академиясы жогорку окуу жайлар менен биргеликте ведомстволор аралык топ тарабынан бирдиктүү мамлекттик документтерди иштеп чыккан. Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлиги бардык документтерди өз убагында шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирүү иштерин камсыздайт.