Жаңылыктар
Балыкчыга темир жол каттамы жүрө баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыга темир жол каттамы жүрө баштайт

17-июндан тарта «Бишкек - Балыкчы - Бишкек» поезди күн сайын көлдү карай жүрө баштайт. Билеттин баасы чоңдор үчүн 69 сом болсо, жаш балдарга 35 сом. 

Ага чейин поезд таңкы саат 6:25те «Бишкек-1» станциясынан жумасына үч жолу: жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 17-июндан баштап маршрут күн сайын каттаганы жатат. 

Ал эми июль жана август айларынан тарта жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн поездге бардык шарттары менен камтылган кошумча вагондор чиркелет.