Жаңылыктар
Экс-мэрлердин иши боюнча экинчи инстанция өкүм чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Экс-мэрлердин иши боюнча экинчи инстанция өкүм чыгарды

 Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Анда, сот буга чейин Ленин райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Ибраимовдон башка айыпталуучулардын баарынан үй камагында болуу чечими алынды. 

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер Кулматов, Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилерине 303-берене боюнча айып тагылган. Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айып пул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.