Жаңылыктар
Курсан Асановдун сот иши 26-июнга жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Курсан Асановдун сот иши 26-июнга жылдырылды

Кечээ, Курсан Асановдун жана аны менен кошо айыпталып жаткан эки адамдын соту уланды. Кезектеги жараянда жактоочу тарабынан отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчү келтирилип, териштирүү 26-июнга белгиленди. 

Курсан Асанов “2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милицияга чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негизде кызматтан алынган болчу. Кийин Асановго карата Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.