Жаңылыктар
Фейктерге каршы мыйзам долбоору - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Фейктерге каршы мыйзам долбоору - Кыргызстан жаңылыктары

Фейк же жалган маалыматты таратууга багытталган мыйзам долбоору талкууга түшөөрү менен кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Документ депутатар ортосунда эки ача ойлорду пайда кылды. Депутаттар мыйзамды жүзөгө ашыруу жол-жобосу, техникалык жактан ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин сынга алышууда. Ошол эле учурда депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоору сөз эркиндигине каршы келбей тургандай болушу кажет деген пикирин билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Гюльшат Асылбаеванын айтымында фейк маалыматтарга каршы күрөшө турган документтин маани-маңызы сөз эркиндигине эч кандай каршы келбейт. Башкы максат - интернетке жарыяланып жаткан жалган маалыматтардан мамлекетти ошол эле учурда жарандарды коргоо.

Фейк же жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүүгө көпчүлүк каршы эмес. Ошондуктан бул мыйзам долбоору жалган маалыматты чынынан ажыратууга жол ачаарын да белгилеп чыгышты. Кыргызстанда да соңку үч, төрт жылдан бери интернеттин айдыңында инсандын беделине шек келтире турган, мамлекетти жамандаган же коомдун пикирине таасир этип, компанияны каралаган фейк маалыматтар көп тарап жатат.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.