Жаңылыктар
АКШ: Россия адам сатууга каршы жигердүү күрөшкөн жок
Дүйнө
АКШ: Россия адам сатууга каршы жигердүү күрөшкөн жок

Россия бийлиги киши сатууга каршы жигердүү иш алып барган жок, бийликтин бул тармактагы аракетери  көйгөйгө каршы күрөшүүдөгү стандарттарга жооп бербейт. Мындай бүтүм дүйнөдөгү адам соодалоо маселеси жөнүндөгү баяндамада камтылган.

Документ менен бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тааныштырды.

Россия адам сатуу маселеси курч турган 20 өлкө менен бирге үчүнчү топко киргизилген. Бул топто Ооганстан, Иран, Түркмөнстан жана Беларус да бар. Баяндамада мажбурлап иштетүү маселеси олуттуу экени, мындан көбүнчө Россиядагы кытай жумушчулары жапа чегип жатканы белгиленген. АКШ бийлиги Россияда ыктыярсыз түрдө Кытайдын миңдеген жарандары иштеп жүрөт эсептейт.

Помпеонун айтымында, ушул тапта дүйнөдө 25 миллион киши, анын ичинде балдар адам соодалоонун жана сексуалдык кулчулуктун курмандыгы болууда.

Помпео АКШ президенти Дональд Трамп 2019-жылдагы баяндамада төмөнкү рейтинг ыйгарылган 15 өлкөгө жардамдын айрым түрлөрүн берүүнү чектегенин эске салды.