Жаңылыктар
Россия Тажикстанга 8 чартердик каттам жасоого уруксат берди
Дүйнө
Россия Тажикстанга 8 чартердик каттам жасоого уруксат берди

Тажикстан 25-июндан тартып Россиядагы мигранттарын алып келүү үчүн сегиз чартердик каттам уюштурат. Аткаминерлер орус бийлиги учууларга макулдук бергенин билдиришкени менен билет баасы расмий түрдө жарыялана элек.

Тажикстандын Россиядагы элчилигинин өкүлү учактарга биринчи кезекте оорлуу кишилер, балалуу аялдар, студенттер, кары-картаңдар, Россияга иш сапар менен барып кете албай калгандар отургузуларын айтты.

Маалыматка караганда, тизмеге киригизилген кишилер менен элчилик телефон аркылуу байланышып, учуу күнүн жана саатын айтат. Билеттер каттамга бир нече саат калганда аэропорттун кассаларында сатылат.

Ушул тапта Тажикстан менен Россиянын ортосунда ырааттуу авиакаттам качан жандана турганы белгисиз. Тажик аткаминерлери бул маселе июлдун башында караларын билдиришүүдө.

Тажикстан март айында коронавирус пандемиясына байланыштуу эл аралык аба каттамдарын токтоткон.