Жаңылыктар
Туризм департаментинин мурдагы башчысы М.Чакиев 6 жылга кесилди
Кылмыш
Туризм департаментинин мурдагы башчысы М.Чакиев 6 жылга кесилди

Туризм департаментинин мурдагы башчысы Максат Чакиев 6 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Чакиевге Кылмыш-жаза кодексинин 350чү жана 314-беренеси боюнча айып тагылган. Бул “мамлекеттик сыйлык, мөөр, штамп, бланкты колго жасоо, даярдоо жана пайдалануу”, “пара берүү” беренелери.

 


М.Чакиев 2015-жылдын 28-майында ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жатканда кармалган. Милиция бул факт тууралуу Чакиев ишиндеги мыйзам бузууну жабыш үчүн ушундай кадамга барган деп маалымат тараткан. 

Тергөө иштеринин негизинде Биринчи Май райондук соту Максат Чакиев 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан кийин, 12-июнда  Бишкек шаардык соту маалымдагандай, оор айыптоолорго карабастан сот аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Сот пара катары берилген 92 миң сомду мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды. Ал эми, Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси, учурда мойнуна кылмыш иши илинип, 6 жылга эркинен ажыратылган М.Чакиев акыркы сөзүндө өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирди.