Жаңылыктар
Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков ультрамарафон чуркап өттү
Спорт
Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков ультрамарафон чуркап өттү

24-июнда 45 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы Башкы спорттук аренада финишке келди. Бул тууралуу спорт агенттигин расмй сайты жазып чыкты.

Ал Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылынан (Нарын облусу) Бишкек шаарына чейин ультрамарафон чуркап өттү.

Оболбек Осмонбековду стадиондо Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, жөө күлүктүн туугандары жана достору тосуп алышты.

Канатбек Арпачиев Оболбек Осмонбековду ийгиликтүү финишке келиши менен куттуктап, ага кубок, ыраазычылык кат жана спорттук экипировка тапшырды.

«Мекендештерибизге ушундай мыкты үлгү болуп жана дени сак жашоо мүнөзүн активдүү жайылтканыңыз үчүн Мамагенттиктин атынан ыраазычылык билдирем. Бүгүн дене тарбия менен машыгуу, спортту сүйүү өтө актуалдуу. Мындай аралыкты чуркап өтүү баарынын колунан келе бербейт, бул чыныгы каармандык. Сизге чын ден соолук, спорттук жетишкендиктерди жана алдыга койгон максаттарыңыздын ишке ашышын каалайм», – деп кошумчалады К. Арпачиев.

Фиништен кийин Оболбек Осмонбековду Спорттук-реабилитациялык борбордун спорттук дарыгери карап, анын абалын канааттандырарлык деп баалады.

400 км аралыкты жаш балдарды сергек жашоого, дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө үндөө максатында чуркадым деди жөө күлүк өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Оболбек Осмонбеков 19-инюь күнү Талды-Суу айылында старт алган. Жөө күлүк 2017-жылдан бери чуркап, ар кандай аралыкта ультрамарафондорго катышып келе жатат.

Жөө күлүктүн сапарында унаа менен 3 адам коштоп, эс алуу учурунда спортчуга массаж жасап жардам берип турушкан.