Жаңылыктар
Өлкөдө кароосуз калган 63 баланы боорукер жарандар багып алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө кароосуз калган 63 баланы боорукер жарандар багып алышты

Учурда республикада 34 багып алуучу үй-бүлөдө 63 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө бир нече жылдан бери ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын үй-бүлөдө өсүүсү үчүн убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызматын өнүктүрүү иши активдүү жүрүүдө. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “Балалык институту” коомдук фонду менен биргеликте багып алуучу ата-энелерди тандоо тууралуу окутууну министрликтин Чүй облусундагы адистери үчүн уюштурууда. Окуу Европа Биримдигинин "Үй-бүлөлүк камкордук формасы: оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр үчүн коомдоштук деңгээлинде үй-бүлөгө багытталган социалдык кызматтарды өнүктүрүү" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.