Жаңылыктар
Үч манасчы үйлүү болду
Маданият
Үч манасчы үйлүү болду

“Саякбай манасчы” коомдук фонду манасчылар Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловдун ар бирине үч бөлмөлүү батир тапшырды. 

Фонд тарабынан уюштурулган “Улуулукка урмат” аттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, ага кыргыз эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев, казак элинен чыккан манасчы Баянгали Алимжанов жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

 Аземдин жүрүшүндө манасчылардан тышкары 20 жылдан бери “Манасты” өнүктүрүүдө эмгек кылган адамдар да сыйланды.