Жаңылыктар
Ошто базарлар иштебейт
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто базарлар иштебейт

Бүгүн Ош шаарындагы базарлар иштебейт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мэриянын маалыматына таянсак, дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. 

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймагында күн сайын аткарылып келүүдө. Залалсыздандыруу жарандар көп бара турган объектилерге: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.