Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты.
Маалыматка ылайык Чакиев 2014-жылдын июль айында чет элдик бир жаранга туризмди өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү деген жалган күбөлүк жаздырып берип, бул үчүн материалдык сыйлык сураганы айтылат.
Милиция муну териштире баштаганда Чакиев ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерлерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө жолдомо сунуштап, ишти жабууну өтүнгөн.
ИИМ өкүлү мындай сунуштан баш тартып, жыйынтыгында Башкы прокуратурада пара берүү беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Аны териштирүү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Тергөөчүнүн айтымында Максат Чакиев козголгон бул ишти жабуу үчүн 100 миң сом сунуштап, 28-майда анын 92 миңин 5-башкармалыктын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды. Учурда ал Бишкек ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.