Жаңылыктар
COVID-19: дүйнөдөгү абал
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: дүйнөдөгү абал

29-июнга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 145 миң 791 адамга жайылды. Тилекке каршы бул оорудан 501 миң 893 адам көз жумду. Ал эми коронавирусту жуктуруп алган 5 миллион 140 миң 900 адам аны жеңип чыкты. Бул тууралуу АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин статистикалык маалыматында көрсөтүлгөн. Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда инфекция 2 миллион 596 миң 537 адамга жайылды. 

Бразилия 1 миллион 344 миң 143 адам менен экинчи орунда турат. Орусияда 633 миң 563 адамга инфекция жугуп, тизмеде 3-орунга жайгашты. Индияда 548 миң 318 адам бул илдет менен жабыркап жатат, ал эми Улуу Британияда 312 миң 640 адамдан аталган илдет аныкталган. Жон Хопкинс университети жана Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып келет.