Жаңылыктар
Президент парламент жыйынына катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент парламент жыйынына катышат

Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Буга чейин Мамлекет башчысынын Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан. 

Бул күндөрү өлкө башчысы байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат. Эртең, 30-июнда, Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргызстандын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.