Жаңылыктар
Президенттен "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун артка кайтарууну суранышууда
Саясат
Президенттен "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун артка кайтарууну суранышууда

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акциянын катышуучулары "Эркиндик" сейил багына топтолушту. Акцияга жүздөгөн киши келди.

Уюштуруучулар бул Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого багытталган тынч митинг экенин белгилешүүдө. Эркиндик  гүлбагына чогулган  митингчилер жөө жүрүш менен Жогорку Кеңештин алдына чейин барышты.

Акция “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган. Митингдин катышуучулары "Гүлшат, мандатты тапшыр!", "Фейк депутат" деген жазууларды көтөрүп турушат. Алар буга чейин аталган сейил бактан тартып парламент имаратынын алдына чейин жөө жүрүш уюштурула турганын билдиришкен.

Журналисттерди коргоо боюнча комитети "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун өлкөдө сөз эркиндигин чектейт деген жүйөө менен президент Сооронбай Жээнбековдон мыйзам долбоорун артка кайтарууну суранышууда. 

Эске салсак, өткөн жумада аталган мыйзам Жогорку Кеңеште 2-3-окууда кабыл алынган.