Жаңылыктар
КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында миграция маселеси да каралат
Экономика
КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында миграция маселеси да каралат

Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында кол коюла турган документтердин ичинде миграция маселеси да каралары күтүлүүдө. Кара тизме көйгөйү, жумушка орношуу жана каттоо мөөнөтүн узартуу сыяктуу   маселелер Россия жана Казакстан өкмөт башчылары менен болгон жолугушууда   макулдашуусу мүмкүн дешет тиешелүү кызматтар. Аталган эки өлкөдө жумуш берүүчүлөр тарабынан жумушчулардын  укуктарынын  бузулушу арбын кездешет.  Натыйжада   эмгек мигранттары кара тизмеге түзөт, ошол эле маалда  жумуш берүүчү тарап жоопкерчиликке тартылбай келет. Кыргыз өкмөтүнө  өтүп жаткан чоң жыйындын күн тартибине бул көйгөйдү алып чыгуу сунушталган.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда 2013-2014-жылдары 580 миңге чукул кыргызстандык бар болчу. Акыркы  күндөрү  түрдүү жагдайдан улам  алардын саны 60 миңге кыскарды, 2015-жылдары  кайрадан 15 миңге  жогорулап,  тактап айтканда бүгүнкү күндө Орусияда, 520 миңдей кыргызстандык иштеп келет. Ал эми Казакстанда 2015-жылы 80 миңдей кыргызстандык бар болсо, быйыл алардын саны 113 миңге жеткен.

Г. Каражанова, "Биринчи радио"