Жаңылыктар
Милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтүн узартуу зарыл
Экономика
Милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтүн узартуу зарыл

Милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтүн узарткан мыйзамды кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов маалымат жыйында билдирди. Эл өкүлүнүн билдирүүсүндө автоунаа жана турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын ишке кирүү мөөнөтүн узартууга максатталган мыйзам долбоору өтпөй калуу коркунучу бар. Бул мыйзам элди ашыкча түйшүктөн арылтууга багытталган. Милдетүү камсыздандыруунун мөөнөтүн узарткан долбоор 8-июнда парламенттин жыйынында каралат.

Жыл башында турак-жайды жана автоунааны милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынганда коомчулукта чоң талкууну жараткан. Бир катар нааразылыктардан соң, автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын мөөнөтү 2018-жылдын 1-январына чейин жылдырылган. Эске салсак, учурда бир мамлекеттик камсыздандыруу уюму ишканасы жана 10дон ашуун жеке камсыздандыруучу компаниялар иштеп келет. Ал эми сунушталып жаткан мыйзамда камсыздандыруу иши жалгыз гана мамлекеттик ишканаларга өткөрүлүүсү жазылган.

С. Идирисов, “Биринчи радио”