Жаңылыктар
Белгилүү академик дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Белгилүү академик дүйнөдөн кайтты

29-июнда узакка созулган оорудан кийин 82 жашында Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, техника илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Валерий Живоглядов дүйнөдөн кайтты. Живоглядов 1938-жылдын 25-августунда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Фрунзедеги политехникалык институтту артыкчылык менен аяктап, инженер-электрик квалификациясына ээ болгон. Валерий Живоглядов 60-жылдары Советтер Союзунда маалыматты топтоо жана дуалдык касиеттер менен автоматтык системаларга теориялык изилдөөлөрдү биринчилерден болуп жүргүзүп баштаган адамдардын бири. 

Ал маалыматтык технологияларга жана башкаруу системасына, дуалдык башкаруу жана системаларды идентификациялоонун теориясына, системаларды көп критерийлүү оптимизациялоого жана адаптациялоого, билимдердин электрондук менеджментине, технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү башкаруунун компьютердик системаларына чоң салым кошкон. Живоглядов 10 китептин, 5 ойлоп табуунун жана эл аралык конференциялар менен конгресстердин илимий эмгектеринде 290дон ашуун макаланын жана басылмалардын автору жана авторлошу болуп саналат. 

Илимдин 20 кандидатын, илимдин 3 докторун жана көптөгөн сандагы инженерлерди, бакалаврлар менен магистрлерди даярдоону жетектеген. Мамлекетке сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын “Данакер” ордени, “Даңк” медалы, СССРдин медалдары менен сыйланган. Илимдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган. Живоглядов илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Валерий Живоглядов туугандары менен жакындарынын элесинде ар дайым кала берет. Үй-бүлөсүнө, балдарына, неберелерине жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жээнбеков, Жумабеков, Боронов, Исмаилова, Эсеналиев ж.б.