Жаңылыктар
Казакстан картошка экспортуна киргизген чектөөлөрдү алды
Экономика
Казакстан картошка экспортуна киргизген чектөөлөрдү алды

Казакстан 4-июлдан тартып картошка экспортуна убактылуу киргизген чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын Агро өнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнөн билдиришүүдө. 

Маалыматка ылайык, бул багытта атайын расмий билдирүү келип түшкөн жана планга ылайык, тиешелүү мекемелер ишти жандантууда.

Эске салсак, 4-майдан тарта казак тарап  картошканы экспорттоого карата тыю салган болчу. 

Буга Казакстанга кыргыз жеринен илдетке чалдыккан картошка киргизилип жатканы байкалгандыгы себеп болуп, жалпысынан 88 тоннага чукул картошка кайра кайтарылган.

М. Абдраманова, "Биринчи радио"