Жаңылыктар
COVID-19: Казакстанда бир күндө 1495 учур катталды
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Казакстанда бир күндө 1495 учур катталды

Казакстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 1495 учур катталды. Анын ичинен 1 миңдей жаранда оорунун белгилери байкалган эмес. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат булактары жазды. Казакстанда коронавирусту жалпы 21 миң 819 адам жуктуруп алган. Алардын 13 миңи айыкса, 188и каза болгон. Ал эми 17 миң 641 адамда оорунун белгилери байкалган эмес. 

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой коронавируска чалдыккандар жана пневмониянын оор формасы менен ооругандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу төрт жумалык карантин киргизүүнү сунуштады. 

Анын айтымында, катаал карантин киргизилгенден кийин августтун аягына карата күнүнө COVID-19 жуктурган 2 500 жаңы учурдан катталышы мүмкүн. Карантин болбосо, бул сан күнүнө 27 миңге чейин жетиши ыктымал. Цой вирустун жайылуусун токтотуу үчүн төрт жумалык карантин киргизүү кыйла натыйжалуу болот деп эсептейт. Анын айтымында, мамлекеттик комиссия карантинди күчөтүү чечимин жакынкы убакта жарыялайт.