Жаңылыктар
Орус өкмөт башчысы Медведевдин КРна жасаган иш сапары уланууда
Саясат
Орус өкмөт башчысы Медведевдин КРна жасаган иш сапары уланууда

Ал президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Өлкө башчысы Медведевге эки мамлекеттин байланышын чыңдоодогу салымы үчүн “Данакер” орденин тапшырды. Даражалуу меймандын расмий сапарынын алкагында өкмөттөрдүн ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду.

Таң эрте орус өкмөт башчысын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Манас” аба майданында тосуп алды. Бул Медведевдин расмий иш сапары болгондуктан дипломатиядагы тиешелүү жөрөлгөлөр жасалып, ал аскердик жүрүш менен коштолду. Өкмөт башчылар өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кабарлашты. премьер-министр Сооронбай Жээнбеков:

“Компетенттүү органдар тарабынан биздин Орусиядагы эмгек  мигранттарыбыздын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу багытында иштер  жүргүзүлөт. Бардык келишимдер ишке ашат деп ишенем. Кыргызстан үчүн Россия  менен карым-катыш тышкы саясаттагы маанилүү багыт болуп саналат. Биз алаканы  дагы бекемдегенге баардык шарттарды түзөбүз. Кыргыз тарап  айыл-чарба продукцияларын экспортто үчүн  айыл-чарба тармагында, туризмге түз инвестиция тартуу жана башка багыттарда  кызматташууга даяр”.

Орус өкмөт башчысы да кызматташтыкта маанилүү болгон багыттарга токтолду. Соңку учурларда жаралган эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүндөгү терс көрсөткүчкө токтолуп, бул көрүнүштү жоюу зарылчыгын белгиледи. Медведев сүйлөшүүлөр натыйжа берээрине ишеним артат.

“Биз дайыма болуп келгендей эле конструктивдүү, достук  маанайда сүйлөшүү жүргүздүк. Айрым маселелер ыкчам аракеттерди талап кылат.  Россия Кыргыз Республикасынын салттуу түрдө соода-экономикалык  өнөктөшү. Биздин өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсү  дайыма жогору. Бирок, рыноктогу айрым тенденциялардан улам ал кыскарып жатканын байкасак болот. Аны калыбына келтирүү үчүн аракеттерди көрүү милдети турат”.

Медведев эки өлкөнүн байланышындагы оң көрүнүштү да белгиледи. Жалпы товар жүгүртүү кыскарганы менен орус рыногун азык-түлүк менен камсыз кылууда Кыргызстандын активдүүлүгү жогорулаганын айтууда.

“Ушул жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандан жөнөтүлгөн  айыл-чарба азыктарынын көлөмү жогорулаганы байкалды. Себеби түшүнүктүү.  Россияга санкциялар киргизилип, келбей калган азыктардын көлөмүн кыргыз продукциялары толуктады. Бул өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жакшы тенденция. Биз  аны колдоого алышыбыз керек. Евразия экономикалык биримдигинин ишине кыргыз  экономикасынын ылайыкташышы маанилүү болуп саналат. Бул улуттук өндүрүшчүлөргө  кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Келишимде белгиленгендей Россия ага көмөк  көрсөтөт”.

Премьер-министрлердин жолугушуусунда эки өлкөнүн бир катар мекемелеринин ортосунда кызматташтыкка байланышкан документтерге кол коюлду.  Анда Орусиядан мунай жана мунай продукцияларын импорттоо, Социалдык өнүгүү министрлигинин катышуусундагы социалдык багыттагы байланыш, Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык, байланыш тармактарындагы мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу келишими сыяктуу маселелер камтылган. Орус өкмөтүнүн жетекчиси президент Алмазбек Атамбаев менен да жолугушуп, өлкө башчысы тарабынан эки мамлекеттин алакасын бекемдегени үчүн “Данакер” ордени менен сыйланды. Дмитрий Медведевдин расмий сапары жыйынтыкталды. Эми ал Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бишкекте өтө турган жыйынына катышат.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”