Жаңылыктар
Мектептерге интернет зарылбы?
Билим
Мектептерге интернет зарылбы?

Премьер-министр Темир Сариев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Чыңгыз Бекташевди кабыл алды. Жолугушууда Бекташев агенттикте аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. Премьер-Байланыш мамлекеттик агенттигинин ишмердигине токтолуп, өлкөдөгү  сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыз кылуу жаатындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирди. Азыр сапаттуу байланыш менен интернетти өлкөнүн бардык аймактарына жеткирүү боюнча иштерди замандын талабына ылайык шарттап, өлкөнүн ар бир бурчун сапаттуу жана жеткиликтүү байланыш менен камсыз кылуу зарыл. Билим берүү тармагы өнүгүүдөн артта калбашы үчүн бардык мектептерди интернетке туташтырып, алыс аймактардагы ар бир айылда сапатуу теле жана радио болушу керек деп баса белгиледи.

Ошондой эле, 10-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен Байланыш агенттигине өлкөдөгү бардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу боюнча атайы бетачар даярдоону тапшырып, уюлдук компаниялардын калкка көрсөтүп жаткан кызмат акысы жана сапаты боюнча да текшерүү жүргүзүү зарыл экендигин билдирди.