Жаңылыктар
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаңы кызматтык унаалар менен толукталды
Кыргызстан жаңылыктары
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаңы кызматтык унаалар менен толукталды

Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле жарандардан “102” линиясы боюнча  келип түшкөн чакырууларды ыкчам жана сапаттуу тейлөө максатында, 20 даана жаңы 2019-жылы чыккан “RAVON NEXIA” үлгүсүндөгү автоунаалар менен толукталды. Бул туурулуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда бул кызматтык автоунаалар электрондук планшет, унаага тийешелүү “рация” жана жол кырсыгы катталган жерде аны чийип, керектүү документке түшүргөн, тийешелүү буюмдары менен толукталган “чемодан”, андан башка керектүү кызматтык жабдуулар менен толукталып, бөлүнгөн жоопту кызматкерлерге бекитилип, шаар тургундарынын коомдук коопсуздугун жана жол кыймылынын коопсуздугун тейлөө максатында бөлүнгөн аймактарга кайгуулга чыгып кызматка киришти.