Жаңылыктар
"Стартап Кыргызстан" сынагы жыйынтыкталды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
"Стартап Кыргызстан" сынагы жыйынтыкталды - Кыргызстан жаңылыктары

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан "Стартап Кыргызстан" сынагы жыйынтыкталып, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бардык тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн 4 жеңүүчүгө "Кыргызпатент" 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.

26 жаштагы Адилет Токтогулов өзүнүн “Генесис Бионик - бионикалык протез” долбоорун тартуулап, “Стартап Кыргызстан” сынагынын жеңүүчүсү болду. 

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан былтыр август айында “Стартап Кыргызстан” сынагы жарыяланып, ага бардык маймактардан жалпысынан 320 өтүнмө келип түшкөн. Анын 317си жеке жактардан болсо, ал эми 3 өтүнмө юридикалык жактардан. Сунуштар эч кандай чектөөсүз, экономиканын бардык секторунун багыттары боюнча кабыл алынган. Сынактын 1-баскычынын жыйынтыгында 30 долбоор тандалып алынган.

Ал эми катышуучулар эки айлык атайын окуудан кийин бизнес-пландарды түзүүнү, аларды коммерциялаштырууну, инвесторлорду табууну, эң башкысы идеясын өндүрүшкө ашырууну үйрөнүшкөнүн айтышат.

"Стартап Кыргызстан" сынагынын финалына 15 команда өтүп, алар Кыргызпатенттин өкүлдөрүнө гана эмес Казакстан, Орусия, Грузия жана Белоруссиядан келген көз карандысыз калыстар тобуна долбоорлорун сунуштады. Жыйынтыгында 4 жеңүүчү аныкталды.

Эми жеңүүчүлөр Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик борборунун жаңы имаратында долбоорлорунун үстүндө иштей алышат. Муну менен катар, жеңүүчүлөр заманбап жабдуулар менен камсыздалган лабораторияда да ишмердүүлүгүн жүргүзсө болот.