Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди - Кыргызстан жаңылыктары

Өлкөдөгү эпидемиологиялык соңку кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында төмөнкү чектөөлөр киргизилди: Коомдук тамактануучу жайларга эрте мененки саат 8ден кечки 8ге чейин гана иштөөгө уруксат берилип,бирок тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынды. 

Ошондой эле ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт. Базарлардын иштөө мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди. Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү дезинфекциялоо иштерине байланыштуу толук жабылат. 

Мындан тышкары элдин массалык чогулуусуна жол бербөө үчүн парктардагы оюн-зооктор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, бассейндер ишин белгисиз мөөнөткө чейин жүргүзбөйт. Жума намазын окуу да убактылуу токтотулду. Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлөт жана мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, айып пул салынат.