Жаңылыктар
Ат-Башыда милиция кызматкерлери айылдарды кыдырууда
Аймак
Ат-Башыда милиция кызматкерлери айылдарды кыдырууда

Ат-Башы районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы ар бир айылды кыдырып, жарандардан келип түшкөн арыз-даттануулар менен жеринен таанышып, маалымат берилди. Мындан тышкары, азыркы учурда жугуштуу коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу жарандардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.