Жаңылыктар
Коронавирус 6 айдан бери дүйнөнү аралап жатат
Дүйнө
Коронавирус 6 айдан бери дүйнөнү аралап жатат

Бириккен Улуттар Уюмунун Саламаттыкты сактоо агенттиги туура алты ай мурда Кытайда пневмониянын адаттан тыш учурларын байкап, Уханда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп, медицина кызматкерлери шаардык ооруканаларда күндөн-күнгө күчөп бараткан оору менен алпурушуп жатканынан кабардар болгон.

Алты ай мурда вирус дүйнөгө канчалык коркунуч алып келерин эч ким айта алган эмес. Биргелешкен эл аралык аракеттерге карабастан, коронавирус күн сайын миңдеген адамдардын өмүрүн алууда.

ДССУ ушул жумада коронавирустук изилдөөлөрдөгү жетишкендиктерди баалоо жана пандемия уланган сайын алга илгерилей турган артыкчылыктарды баалоо үчүн жолугушат.

Бүгүнкү күндө жүздөгөн илимпоздор бүт дүйнө чыдамсыздык менен күтүп жаткан вакцинаны ойлоп табуунун үстүндө талыкпай эмгектенип жатышат. Чындыгында эле, алты айдын ичинде, Ковид-19 200дөй өлкөгө жайылып, 10 миллиондон ашуун адам жуктуруп, жарым миллиондон ашык адам каза болду.