Жаңылыктар
Жаңы окуу жылына карата окутуунун эки багытына даярдык көрүлүүдө
Билим
Жаңы окуу жылына карата окутуунун эки багытына даярдык көрүлүүдө

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына карата окутуунун эки багытын даярдап жатат. Биринчиси — балдардын мектепке барып билим алуусун уюштуруу, экинчиси — аралыктан окутуу. 

Учурда жаңы видеосабактардын планын иштеп чыгууга усулчулар жана аны өтө турган мугалимдер бекитилди. Окуучулар менен мугалимдин ортосунда байланыш түзүү жана башка иштер каралууда. 

Ошол эле учурда мекеменин адистери аралыктан окутуу маалында кетирилген мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуунун үстүндө да иштеп жатышат. Бул ошол эле үзгүлтүксүз интернет менен камсыздоо, мугалимдер тарабынан тереңирээк, түшүндүрүү жана башка жагдайлар.