Жаңылыктар
Бишкекте 15-июлда жаңы сейил бак ачылат - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 15-июлда жаңы сейил бак ачылат - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкекте 15-июлда жаңы сейил бак ачылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

Анын айтымында, учурда шаарда 5 сейил бактын курулушу жүрүп жатат. Алардын ичинен бир сейил бак − “Ден соолук” сейил багы 5-июлда ачылышы керек болчу. Бирок пандемияга байланыштуу курулуш иштери бир аз кечиктиргенине байланыштуу 10 күндөн кийин ачылышы болот. Анын жалпы аянты 11 гектарды түзөт. Сейил бакта шаар тургундарынын эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.