Жаңылыктар
Мьянмада жер көчкүдөн 126 адам каза болду
Дүйнө
Мьянмада жер көчкүдөн 126 адам каза болду

Мьянманын түндүгүндөгү Качин штатынын Пхакан шаарынын аймагында жер көчкүдөн 126 адам каза болду. Окуя кымбат баалуу нефрит жана жадеит ташын казуу иштери учурунда орун алган. 

Учурда жеринде издөө жана куткаруу иштери жүрүп жатат. Катуу жамгырдан жер көчүп кеткен. Тагыраак айтканда 300 метр бийиктиктеги жар көчүп, анын боорунда иштеп аткан адамдарды басып калган. Мьянма өлкөсүндөгү буга окшогон шахтыларда кырсыктар көп болуп, жылына ондогон адамдар каза болуп турат.