Жаңылыктар
Баткен облусунда 142 ишканага айып пул салынды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунда 142 ишканага айып пул салынды - Кыргызстан жаңылыктары

Облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык район шаар аймактарында тынымсыз текшерүү, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун протоколдук тапшырмасына ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлү, милиция кызматкерлери, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун дарыгерлери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган топтор, базар, дүкөн, эл көп топтолгон коомдук жайларды, кафе ресторан жана калкты тейлөө жайларына тынымсыз рейддерди жүргүзүп жатышат.

Адистер тарабынан санитардык нормаларды сактабаган, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жергиликтүү бийлик кабыл алган чектөөлөргө баш ийбеген ишканаларга жеринде чара көрүлүүдө. Ошондой эле рейддин жүрүшү облустук телеканалда комментарийсиз көрсөтүлүүдө.

1-майдан бүгүнкү күнгө чейин облуста жалпы 1364 ишкана текшерилди. Анын ичинен санитардык норманы сактабаган 425 ишканага эскертүү берилип, 142 ишканага айып пул салынган.