Жаңылыктар
Кышка карата камылга - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка карата камылга - Кыргызстан жаңылыктары

Борбор калаада “Бишкекжылуулук электр борбору”, жана “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын жылуулук менен камсыз кылуу ишинин даярдыгы график боюнча жүрүп жатат. "Теплоэнерго" ишканасына 66 от жагуучу жай даярдалып, ЖЭБде көмүр, мазут жана газ сатып алуу боюнча тендерлер өтүдө.

Конуштагы бир үйдү газга туташтыруу үчүн 20 миңден 60 миң сом керектелет. Конушта жашаган тургундардын көпчүлүгү күнүмдүк тапкан кирешеге жан баккандыктан, бул каражат кымбат. Вице-мэр Мирлан Амануровтун айтымында, жарандарга көгүлтүр оттуутуташтырып алуу үчүн 5 жылга насыя берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Шаардагы 47 конуштун 22 си газ менен камсыздалат.

Ошондой эле, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында айрым билим берүү мекемелринде көмүр ордуна газ менен жылытуу каралууда.

Белгилей кетсек, "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын от жакчу жайларына алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн 4 миң тонна көмүр даярдоо боюнча жумуштар жүрүп жатат. Жылуулук берилгенге чейин көмүр графикке ылайык жеткирилет.