Жаңылыктар
Данияр Усенов өмүр бою эркинен ажыратылды
Саясат
Данияр Усенов өмүр бою эркинен ажыратылды

Өткөн жуманын соңу 7-апрелдеги окуя боюнча Республикалык Аскер соту өкүм чыгарды. Ага ылайык Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Усенов өмүр бою эркинен ажыратылды. Марат Бакиев 27жылга сыртынан кесилди. “Альфа” атайын кызматы менен мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары акталды. Мурат Суталинов менен Дания Дунганов сот залынан камакка алынды. Экс-прокурор Нурлан Турсункулов  мурдагы Коргоо министри Бактыбек  Калыев. Президенттин ошол кездеги катчылыгынын жетекчиси Оксана  Малеваная, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси  Каныбек Жороев жана мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев тийешелүү жазаларын алышты. Ошентип Нурлан Ашымбеков төрагалык кылган аскер сотунун экинчи баскычтагы өкүмү Бишкек аскер сотунун буга чейинки чечимин дээрлик  өзгөртүусүз калтырды.