Жаңылыктар
Валюта базарын жөнгө салуу үчүн каржы мекемеси ачылат
Экономика
Валюта базарын жөнгө салуу үчүн каржы мекемеси ачылат

Кыргызстанда акча алмаштыруу базарын тескей турган атайын каржы мекемеси ачылат. Улуттук банктан билдиргендей, бул мекеме Кыргызстандын аймагындагы акча алмаштыруу тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүп, элге ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөп жатат. Валюталардын курсу болсо - базар баасындагы суроо талаптарды эске алуу менен кызыл кулактыкка жол бербей, реалдуу наркты карманат.

Акча алмаштыруу базарын тескеген мындай каржы мекемесине акционер катары жеке жактар менен бирге юридикалык мекеме ишканалар дагы кирсе болот. Маалымат катары айта  кетсек, Кыргызстандын аймагындагы акча алмаштыруучу жайлардын жарымы лицензия алып иштесе, теңи мыйзамсыз иш алып барат.