Жаңылыктар
Кыргызстан туризм боюнча КМШ өлкөлөрү арасында 4-орунга ээ болду
Туризм
Кыргызстан туризм боюнча КМШ өлкөлөрү арасында 4-орунга ээ болду

Кыргызстан туризм боюнча КМШ өлкөлөр арасында 4-орунга  ээ болгон. Маселен,  былтыр 1,2 миллион россиялыктар келип,  алар көбүнчө Бишкек, Ысык-Көл жана Каракол тоо-лыжа курортунда эс алышкан. Ошол эле Каракол тоо-лыжа базасы КМШнын рейтингинде бешилтикке кирген болучу. Ал арада    Кыргызстандын  туристтик дарамети мындан да күчтүү экендигин өлкөгө   иш сапары менен келген Бүткүл Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи белгиледи. Эске салсак, өлкөгө Бүткүл Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи келип, Кыргызстандын туристтик ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугуп, туримзди өнүктүрүүнүн  жолдору тууралуу ой бөлүштү.