Жаңылыктар
Жол кыймылына убактылуу чектөө кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кыймылына убактылуу чектөө кирди

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңеши Бишкекте өтүп жаткандыгына байланыштуу борбордун бир катар көчөлөрүндө унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Жолдордун маал-маалы менен жабылып турушу 8-июнга чейин уланат. 

Бул тууралуу, ички иштер министрлигинин патрулдук милиция башкы башкармалыгы билдирди. Ошондой эле, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоо үчүн бир катар иш-чаралар да өтүп турмакчы. 

Учурда Бишкек жана Чүй облусунун патрулдук милициясы күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. КМШ өлкөлөрүнүн кеңешине келген коноктор жүрүүчү жолдон өтө турган унаалар текшерүүдөн өтүп жатат. 

Унаалардын жүрүшүнө убактылуу киргизилген чектөөгө байланыштуу ички иштер министрлиги шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен мамиле кылып, тартипти сактоого чакырат.